Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 15-октябрь 2018 –жыл, саат 10-00      1 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАТИБИ

11-10-2018 17:45

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

15-октябрь 2018 –жыл, саат 10-00                                        1 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАТИБИ

 

          1.“2017-жылдын 25-сентябрындагы Люксембург шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрындагы Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (КFW) Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы №280 токтому).

            Баяндамачы:

            Касымалиев Адылбек Алешович –Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

          2.2018-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тарактуу трассттык фондунун администратору катары болуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № TF 13310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы №412 токтому).

            Баяндамачы:

            Чолпонбаев Космосбек Сариевич –Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри.

 

            3.Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору  (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын  9-февралындагы №87 токтому).

          Баяндамачы:       

      Муканбетов Санжар Турдукожоевич  – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы.

 

            4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япон Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзгөн алмашуу ноталарынын долбоору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык кызматташтыктын Япон агенттигинин ортосунда “Талас-Тараз” автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу” долбоору боюнча Гранттык макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Калилов Жамшитбек –Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри. 

 

            5.Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө Макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович –Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри. 

           

 

          6.Ар кандай маселелер.

 

 

            Бюджет жана финансы боюнча

            комитетинин төрагасынын орун басары                                                 У.Примов