Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 10-сентябрь 2018-жыл, саат 10-00     1-кабат, Батыш залы. КҮН   ТАРТИБИ

06-09-2018 15:05

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

10-сентябрь 2018-жыл, саат 10-00                                                       1-кабат, Батыш залы.

 

КҮН   ТАРТИБИ 

 

  1. “2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган “Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнындагы №301 токтому).

Баяндамачылар:

Чолпонбаев Космосбек Сариевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри

 

        2. “2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган  Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын      Мыйзам долбоору. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-июлындагы №319 токтому).

            Баяндамачы:

            Рыскулов Уланбек Дуулатович - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы 

 

        3. “2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлындагы №339 токтому).

            Баяндамачы:

Ирсалиев Медер Эсенгулович - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрөгасы

 

         4. Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору боюнча Гранттык жана Кредиттик макулдашуулардын долбоорлору. (Макулдашууга киргизилет).

          Баяндамачы:

          Абдиев Бактыбек Абышевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

 

         5. Ар кандай маселелер.

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                                  Э.Токтошев