Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму
21-май 2018 –жыл, саат 10-00 1 –кабат, Батыш залы.
КҮН ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “«Digital CASA» -Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу Макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.
Баяндамачы:
Шаршембиев Бакыт Нурджанович-Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы.
2. ”2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган 1992-жылдын 6-июлундагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин Экономикалык сотунун статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги №209 токтому).
Баяндамачы:
Абдылдаева Айнур Нуралиевна –Кыргыз Республикасынын юстиция министри.
3. Ар кандай маселелер.
Бюджет жана финансы
боюнча комитетинин төрагасы Э.Токтошев