Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму
14-май 2018 –жыл, саат 10-00 1 –кабат, Батыш залы.
КҮН ТАРТИБИ
1. ”Туруктуу багып –тарбиялоого муктаж ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору. Демилгечи Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.И.Бакиров.
Баядамачы:
Бакиров Мирлан Исакбекович -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары.
2. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Экономикалык башкаруу чөйрөсүндөгү өнүктүрүү саясатын каржылоо) долбоору. Макулдашууга киргизилет.
Баядамачы:
Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.
3. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “«Digital CASA» -Кыргыз Республикасы” каржылоо тууралуу Макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.
Баядамачы:
Шаршембиев Бакыт Нурджанович-Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы.
4. Ар кандай маселелер.
Бюджет жана финансы
боюнча комитетинин төрагасы Э.Токтошев