Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 7 -май  2018 –жыл, саат 10-00     1 –кабат, Батыш залы. КҮН ​​​​​​​ТАРТИБИ

03-05-2018 16:48

Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

7 -май  2018 –жыл, саат 10-00                                                           1 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН ТАРТИБИ

 

            1. ”Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору. Демилгечи Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.И.Бакиров.

            Баядамачы:

            Бакиров Мирлан Исакбекович -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары.

 

            2. ”2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Элдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Кыргызстан –Кытай” газ өткөргүчүн куруу жана пайдалануу жөнүндө кызматташтык Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоол0орду киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баядамачы:

            Рыскулов Уланбек Дуулатович -Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

            3.  2018-жылдын январь-март айына карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат.

            Баядамачы:

            Панкратов Олег Михайлович –Кыргызской Республикасынын Экономика министри.

            Касымалиев Адылбек Алешович –Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

            Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.

            Кулматов Кубанычбек Кенешович  – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы.

            Тулебердиев Ренат Темирбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы.

 

            4. “Бишкек шаарында 2018-жылдын 24-январында кол коюлган “Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансынын башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү” (Грант № TFOF3998), экинчи долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы менен Көп тараптуу трасттык фондун алкагында ар кандай донорлор тарабынан берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу катты ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы №168 токтому).

            Баядамачы:

            Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

           

            5. Ар кандай маселелер.

 

                        Бюджет жана финансы

                        боюнча комитетинин төрагасы                                                        Э.Токтошев