Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 23 -апрель 2018 –жыл, саат 10-00                         1 – кабат, Батыш залы. КҮН  ТАРТИБИ

20-04-2018 12:13

Долбоор

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

23 -апрель 2018 –жыл, саат 10-00                         1 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН  ТАРТИБИ

 

             1. ”Бишкек шаарында 2017-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит №5235-KG, Грант Н839- KG) жана Гранттык макулдашууга ((Грант TF015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу катын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-мартындагы №155 токтому).

            Баядамачы:

            Батыралиев Талантбек Абдуллаевич -Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри.

 

            2. ”Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Чыгыш электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, “Чыгыш электр акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен “Чыгыш электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы №162 токтому).

            Баяндамачы:

            Рыскулов Уланбек Дуулатович -Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

            3. ”Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Бокоев, Т.Г.Тиллаев жана А.М.Эргешев тарабынан демилгеленип киргизилет. Экинчи окууда.

             Баяндамачы:

            Тиллаев Таабалды Гапырович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

             4. ”Салыктык эмес кирешелер жана ички аудит маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору  (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын  18-декабрындагы  №815 токтому).Үчүнчү  окууда.

            Баяндамачы:

            Тиллаев Таабалды Гапырович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

            5. Кыргыз Республикасынын 2019 –жылга бюджеттик резолюциясынын долбоору жана 2020 -2021 жылдарга болжолу жөнүндө.

             Баяндамачы:

          Тиллаев Таабалды Гапырович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

            6. Бюджеттик маселелер боюнча коомдук талкууларды өткөрүү тууралуу Жобонун долбоору.

             Баяндамачы:

               Тиллаев Таабалды Гапырович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

              7Ар кандай маселелер.

           

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                             Т.Тиллаев