Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик резолюциясын түзүү жөнүндө ЖОБО

05-04-2018 15:58

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2018-жылдын 14-мартындагы
№ 2295-V1 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик резолюциясын түзүү жөнүндө
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик резолюциясын түзүү жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыгылган жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясын түзүүнүн тартибин жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинде каралган болжолдонуучу мезгилди аныктайт.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик кодексинин жоболоруна ылайык республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү божомолунун, Жогорку Кеңештин Бюджетинин резолюциясынын (мындан ары - Бюджеттик резолюция) негизинде фискалдык саясаттын негизги багыттарында аныкталып жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык түзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик резолюциясынын максаттары:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламенттерин (ыйгарым укуктарынын чектеринде), Бюджеттик кодекстин жоболорун жана бюджеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка мыйзам актыларын тикелей сактоо;

- орто мөөнөттүү мезгилде жана бюджеттик процесстерди алдын алууда фискалдык тартипти камсыздоо;

- мамлекеттик чыгымдарды өлкөнүн стратегиялык максаттарында оптималдаштыруу;

- республиканын бюджеттик тутумундагы бюджеттердин программалары менен бекитилип кабыл алынган мыйзамдардын ортосунда өз ара байланыштарды камсыз кылуу;

- Жогорку Кеңештин комитеттеринин тейлөөсүнө кирген бюджеттик жөнгө салуу маселелери боюнча иштерди координациялоо жана жөнгө салуу.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик резолюциясын түзүүнүн негиздери

4. Бюджеттик резолюция республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда багыт болуп саналган орто мөөнөттүү мезгилдерге жана артыкчылыктарга карата бюджеттик саясаттын негизги багыттарын аныктайт.

5. Бюджеттик саясаттын орто мөөнөттүү мезгилге карата негизги багыттары Кыргыз Республикасынын бюджеттик процессин андан ары өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик процесстерин эл аралык стандарттарга толук өтүүгө жана мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү прогрессивдүү жаңылыктарга көнүктүрүүгө багытталган бюджеттик саясаттын мерчемдери боюнча Жогорку Кеңештин сунуштарына ылайык түзүлөт.

6. Республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда багыт болуп саналган артыкчылыктар кезектеги бюджеттик жылы жана болжолдонуучу мезгилде каржылоого жаткан республикалык бюджеттин чыгымдарынын багыттарын камтыйт.

Белгиленген мезгилге карата республикалык бюджеттин чыгымдарын каржылоого жаткан сунушталган багыттар төмөнкүлөрдөн улам түзүлөт:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасынан;

- Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдардан;

- Жогорку Кеңеш ратификациялаган эл аралык макулдашуулардан.

7. Бюджеттик резолюцияга киргизилген республикалык бюджеттин чыгымдарынын багыттары (чыгымдардын функционалдуу категорияларын кошуп алганда) бюджеттик квалификацияга ылайык түзүлүүгө тийиш, анткени функционалдык категориялар мамлекеттик органдардын ортосунда кайчылаш кезигиши мүмкүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджеттик резолюциясын түзүү процесси

8. Бюджеттик резолюция үч жылды камтыган (кезектеги бюджеттик жылды жана андан кийинки эки жылды) орто мөөнөттүү мезгилге карата түзүлөт.

9. Бюджеттик резолюцияны түзүү процесси кезектеги бюджеттик жылдан кийинки жылдын 1-мартынан тартып демилгеленет.

Бюджеттик резолюциянын долбоорун талкуулоо жана иштеп чыгуу процессин координациялай турган Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети (мындан ары - Бюджет жана финансы боюнча комитет) процесстин демилгечиси болот.

10. Жогорку Кеңештин комитеттери жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Бюджеттик резолюцияга Комитеттин ишин жүргүзүү маселелерин киргизүү үчүн сунуштарды даярдайт жана кезектеги бюджеттик жылдан кийинки жылдын 30-мартына чейин Бюджет жана финансы боюнча комитетке берет.

11. Жогорку Кеңештин фракциялары жана депутаттары бюджеттик резолюцияга киргизүү үчүн макулдашылган сунуштарды кезектеги бюджеттик жылдан кийинки жылдын 10-апрелине чейин Бюджет жана финансы боюнча комитетке берет.

12. Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана фракцияларынын сунуштары эсеп-кысаптарды, негиздемелерди жана башка зарыл тиркемелерди берүү менен негизделүүгө тийиш.

Бюджеттик резолюциянын долбооруна киргизүү үчүн сунушталган чыгымдардын жана иш-чаралардын багыттарында Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программалары, Кыргыз Республикасынын ишинин программалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Жогорку Кеңеш ратификациялаган эл аралык макулдашууларды бекитүүгө тикелей шилтемелер камтылууга тийиш.

Өнүктүрүү программасын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана эл аралык макулдашууларды ишке ашыруу каралбаган иш-чараларды каржылоо боюнча сунуштар Бюджеттик резолюцияга киргизилүүгө жатпайт.

13. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Бюджеттик резолюциянын долбоорун Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана фракцияларынын сунуштарынын негизинде кезектеги бюджеттик жылдан кийинки жылдын март айынын аягына чейин түзөт.

14. Бюджеттик резолюциянын долбоору кезектеги бюджеттик жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин коомдук талкуулоого чыгарылат.

15. Бюджеттик резолюциянын долбоору коомдук талкуулоолордун жыйынтыктары боюнча кезектеги бюджеттик жылдан кийинки жылдын 20-апрелине чейин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кароосуна чыгарылат.

16. Бюджеттик резолюциянын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет жана катышкан депутаттардын санынын көпчүлүгү менен, бирок үстүбүздөгү жылдын 30-апрелине чейин 50 добуштан кем эмеси менен кабыл алынат.

17. Жогорку Кеңештин комитеттери жана фракциялары бардык зарыл материалдардын (сунуштардын) сапаттуу даярдалышы жана Бюджет жана финансы боюнча комитетке берилиши, аларды берүүнүн мөөнөттөрүнүн сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.

18. Бюджет жана финансы боюнча комитет Бюджеттик резолюциянын долбоорунун акыркы редакциясынын өз мезгилинде даярдалышы жана анын Жогорку Кеңеш тарабынан каралышы жана бекитилиши үчүн жоопкерчилик тартат.