Депутат Эльдар Сулайманов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды

17-01-2024 13:26

Бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралды.

Бул орунга депутат Эльдар Сулаймановдун талапкерлиги сунушталды.

Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутат Эльдар Сулайманов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү