Жогорку Кеңештин комитети «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун колдоду

16-01-2024 15:00

Бүгүн, 16-январдагы  Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында  «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө»  мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматтарды юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова тааныштырды.

Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы Сабырова Жыпар Жумадиловнанын суроо-талабына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча 2022-жылдын 28-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечиминин 2-пунктун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Тактап айтканда мыйзам долбоорунда алимент төлөбөгөндөргө жаза чарасын күчөтүү жагы каралган.

Талкуу учурунда депутат Алишер Ташбаев алимент төлөбөгөн жарандарга карата колдонулуучу чараларды тактап, кылмыш жоопкерчилигине кайсыл учурда тартылат деген суроо койду. Зарема Аскарова соттун алимент жөнүндөгү чечимин аткарбаган учурда кылмыш жазага кириптер болорун белгиледи.  Депутат Динара Ашимова алимент төлөй албагандарга жазаларды каттаалдаштыруунун ордуна, аларга төлөө мүмкүнчүлүгүн кароо сунушун айтты.

Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков соңку учурда коомдо арбын орун алып жаткан үй-бүлөсүн багуудан качуу жагдайларын эске алып, мыйзам долбоорун колдоого аларын белгиледи.

Мындан тышкары, комитетте “Баңги каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү жана “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору экинчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү