Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышевдин демилгеси менен Балыкчы шаарына караштуу Орто-Токой, Таш-Сарай, Дача конуштарынын жана Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн мектеп окуучулары үчүн “Mercedes-Sprinter” үлгүсүндөгү кичи автобустар берилди.
Тагыраагы Кореянын “Бабсанг-Ентан Ынхенг” коомдук кайрымдуулук фондунун колдоосу менен үч кичи автобустун ачкычтары Балыкчы шаарынын мэрине жана Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылды.
Иш-чарага депутат Максатбек Сарбагышев жана Кореянын “Бабсанг-Ентан Ынхенг” коомдук кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы өкүлү Джон Сун Сабко катышты.
Белгилей кетсек өткөн жылдын 15-июнунда Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев Балыкчы шаарында Корея Республикасынан келген “Бабсанг-Ентан Ынхенг” коомдук кайрымдуулук фондунун башчысы Хие Ги Бок баштаган өкүлдөрү менен бирге аталган кичи автобустардын сертификаттарын берген.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү