Тармактык комитет Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына Нарын шаардык сотунун судьясы Бакытбек Омуралиевдин талапкерлигин карады

16-01-2024 10:46

Бүгүн, 16-январдагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин отурумунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан шайланган жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына көрсөтүлгөн Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьясы Бакытбек Омуралиевдин талапкерлиги каралды.

Бул багытта Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова маалымат берди.

Комитет Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына көрсөтүлгөн Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьясы Бакытбек Өмүралиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү