Тармактык комитет “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду

16-01-2024 10:25

Бүгүн, 16-январдагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин отурумунда “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Демилгечи Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору боюнча маалыматты юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 1-мартындагы чечимин аткаруунун алкагында даярдалган. Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 403-беренесинин 4-бөлүгүнүн даттануу же талап берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү тартибин белгилеген ченемдик жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 5-бөлүгүнө, 58-беренесинин 4-бөлүгүнө карама-каршы келет деп тапкан.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү