Депутат Султанбай Айжигитов: "Стратегиялык пландоо - өнүгүүнүн өрнөктүү жолу"

15-01-2024 17:39

"Ыйман Нуру" парламенттик фракциясы соңку жыйынында "Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндөгү" мыйзамга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин караган эле. Бул жерде пайда болгон тактоочу жагдайлар кандай негиздерге тиешелүү экендигин түшүндүрүп, Жогорку Кеңеш депутаты, жогорудагы аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси Султанбай Айжигитов бүгүн, 15-январда "Парламент" радиосунда болду.

“Бул мыйзам долбоору өзгөртүү, түзөтүү эмес, жаңы мыйзам катары таанылуусу керек. Ал эки жыл бою жалпы коомчулук менен биргеликте иштелип чыкты. Келип түшкөн сунуш-пикирлер эске алынды. Жогорку Кеңеш үч окууда карап, кабыл алып берди. Стратегиялык пландоо менен стратегиялык башкарууну чаташтырып албоо керек. Бул жагына так аныктама берүүдө Экономика министрлиги калыстыкты камсыздоого тийиш. Эми макулдашуу тобунун туура жыйынтыгын күтөбүз”, - деди депутат.

Стратегиялык пландоо бийликтин ар бир бутагында тынымсыз иштеп турчу процесстер менен коштолуп, стратегиялык максаттардын жыйындысынан турат. Эң ириде бул мыйзам кабыл алынып калса, Президенттин жарлыктарына, аткаруу бийлигинин өнүгүүнүн багыттарын аныктаган программаларына колуна –кол, канатына-канат болчу жардамчы тирөөч болот, - деп түшүндүргөн демилгечи депутат, - “Стратегиялык пландоодо ар бир аткарылуучу иш- аракеттердин жыйынтыктары вертикалдык шартта да, горизонталдык ыңгайда да бири-бирин толуктап турууга тийиш. Жасала турган жумуштардын так мөөнөттөрү аныкталат. Санариптик көзөмөл жолго коюлуп, мониторинг жүргүзүлөт. Бул негиздердин бардыгы биригип келип, кадр саясатын туура нукка салууга, жемкорлукка жол бербөөгө, өнүгүүнүн так багыттарын аныктоого себепчи болот”, - деди демилгечи депутат.

С.Айжигитовдун айтымында, эл аралык тажрыйбаларга таянып, үлгү ала турган айрым мамлекеттердин мыйзамдарын моделдик үлгү катары кароого болот. “Мисалы, Россия Федерациясынын бул жааттагы мыйзамдык базасы биздин мамлекет үчүн толук өрнөк боло алат. Жапония, Кытай, Корея, кала берсе бир катар өнүккөн батыш  мамлекеттеринин пландоо жолу менен өнүгүп жаткандыгын алардын азыркы жетишкендиктери далилдеп жатат. Андыктан, стратегиялык пландоодон чоочулоонун кереги жок”, - деген депутат С.Айжигитов, - стратегиялык пландоонун негизинде акча агымдары да ачык-айрым коомчулукка жарыяланып турарын, сыйлыктарга да өң тааныштар эмес, чыныгы иштермандар ээ боло тургандыгын кошумчалады.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү