Жогорку Кеңештин комитети "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " мыйзам долбоорун жактырды

15-01-2024 16:21

Бүгүн, 15-январдагы Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. 

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева.

Депутат Камила Талиева мыйзам долбоору депутат Марлен Маматалиев менен биргеликте бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон калктуу конуштарда жана ѳзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган үй-бүлөлөрдү колдоо максатында иштелип чыкканын баса белгиледи. Депутат белгилегендей, мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин эске алуу менен үй-бүлөдө төрөлгөн 3-баладан тартып 3 жашка чейин ай сайын жөлөкпул дайындоо сунушталууда.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Шарапаткан Мажитова, Эльвира Сурабалдиева, Султанбай Айжигитов, Замирбек Мамасадыков, Нурлан Ражабалиев бул мыйзам долбоорун колдошту. Депутат Надира Нарматова ар бир балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүү маселесин кароону сунуштады. Депутат Таалайбек Сарыбашов жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдүн саны боюнча маселени тактап, социалдык жардам даректүү көрсөтүлүшү керектигин белгиледи.

Мындан тышкары комитет,  Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда карап, жактырды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү