Жогорку Кеңештин комитетинде бир катар мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралды

15-01-2024 14:13

Бүгүн, 15-январдагы Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кезектеги жыйынында бир катар мыйзам долбоорлорун карап, үчүнчү окууда жактырды.

Алсак,  «2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды. Макулдашуунун негизги максаты бир мучө мамлекеттин аймагында катталган потенциалдуу берүүчүлөрдүн мучө мамлекеттердин экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен тең укуктуулуктун жана өз ара пайданын принциптерине таянуу менен башка мучө мамлекетте өткөрүлүүчү мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларга катышууга тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга умтулуу, ошондой эле мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жузөгө ашырууда заказчылардын укуктарын талаптагыдай коргоо зарылдыгы болуп саналат.

Мындан тышкары, комитет  «2023-жылдын 31-июлунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору каралды.

Макулдашуу менен кампа күбөлүктөрүн жүгүртүүгө жана сатып алууга бирдиктүү мамилелер, мамлекеттик сактоонун типтүү келишимине талаптар, кампага кампа күбөлүктөрүн берүү (чыгаруу) укугу белгиленет.

Тагыраагы, документ Евразия экономикалык биримдигинде кампа күбөлүктөрү менен иштөө практикасын түзүүгө багытталган жана алар ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан бул чөйрөдөгү бирдиктүү талаптардын негизинде өз ара таанууну карайт. Документте ошондой эле бул чөйрөдө мамлекеттик контролду камсыз кылуунун багыттарын жана кампа күбөлүгүндө камтылууга тийиш болгон милдеттүү маалыматтар катталат.

Комитет ошондой эле, «2023-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы Глобалдык жашыл өсүш институтунун (GGGI) укуктук статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун карап, жактырды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү