Комитетте КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 25 млн АКШ доллары суммасындагы каржылоо жөнүндө макулдашуунун  долбоору каралды

15-01-2024 11:47

Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 25 млн АКШ доллары суммасындагы каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар долбоору) долбоору каралды.

Бул багыттагы маалыматтар менен Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу тааныштырды. 

Долбоор өлкөдө өзгөчө макамы бар 5 окуу жайдын техникалык базасын чыңдоо максатында аткарылууда, тактап айтканда аталган окуу жайларда 5 илимий изилдөө хабдарын түзүү жана колдоо көрсөтүү каралууда. Каражаттын 19,7 млн долларына 5 университетке беш багыттагы лабораториялык жабдыктарды сатып алуу каралган.

Талкууда депутат Эрулан Кокулов насыя алып жаткан жогорку окуу жайлардын жетекчилерине кайрылып, келишимдик негизде окуу акысын чогултуп жаткан соң, карызсыз өз алдынча базаны чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкты. “Чындыгында университеттер жаңыланууга, базаларын чыңдоого муктаж. Силер студенттерден акча чогултасынар,  каржылык тартыштыгыңар жок. Анда эмне себептен сырттан карыз алып жатасыңар”,- деди депутат.

Депутат Айбек Маткеримов сырттан алынган насыялардын максаттуулугуна токтолуп, мониторинг жүргүзүүгө бөлүнгөн каражаттардын ашыкчалыгын айтты. “Долбоорду ишке ашырууда мониторинг жүргүзүү тобуна 800 миң АКШ доллары каралыптыр. Аны башка максаттарга жумшаса болбойбу же окуу жайлардын өзүнө берели”-деди А.Маткеримов.

Депутат Максатбек Сарбагышев медициналык академиянын жылдык бюджетин тактап, бюджеттик негизде билим алган студенттердин жагдайына кызыкты. “Медициналык окуу жайларда багыттуу билим берүү саясаты жок. Токтогул районунда азыр соттук медициналык эксперт жок, окуу жайлар жана министрлик бул багытта пландуу иш алып баруусу кажет”, - деди эл өкүлү. Аталган окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова университеттин жылдык бюджети 1,4 млрд сомду түзөрүн айтты.  

Депутат Жылдыз Садырбаева насыяларды кайтаруу жагдайына кызыгып, өз убагында төлөнбөгөн учурда карыз берүүчү жак тарабынан каралган туумдарды тактады.  Депутат Аида Исатбек кызы  жогорку окуу жайлардын аттестациялык комиссиядан өтүү жараянына кайрылып, бул багытта ар бир университеттердин маалыматын сурады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү