"Ыйман Нуру" парламенттик фракциясы "Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндөгү" мыйзамга карата КР Президентинин каршы пикирин карады

12-01-2024 12:07

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясы "Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндөгү" мыйзамга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин карады. Фракциянын жыйынына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев башында турган тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү катышты.

"Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков бул маселе боюнча "Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу түзүлгөнүн эске салды. Аталган мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Султанбай Айжигитов документ Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоонун укуктук негиздерин түзүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык стратегиялык башкарууну жана бюджеттик саясатты координациялоого, республикалык мамлекеттик бийлик органдарынын, облустардагы жана райондордогу мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана алардын коомдук, илимий жана башка уюмдар менен стратегиялык пландоо чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү тартибин аныктоого багытталганын баса белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев белгилегендей, иш "Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобунун алкагында жүргүзүлүшү керек. Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов "Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндөгү" мыйзамга каршы пикирин билдирип, анын себебин бул багытта КР Президентинин тиешелүү жарлыгы бар экендиги менен түшүндүрдү.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Динара Ашимова КМШ ПАА алкагында стратегиялык пландоо жөнүндө моделдик мыйзам долбоору каралганын эске салып, буга байланыштуу "Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндөгү" мыйзам зарыл экенин белгиледи. Депутат Нуржигит Кадырбеков, Динара Ашимова, Замирбек Мамасадыков КР Президентинин аталган жарлыгында өлкөнү стратегиялык башкаруу жана өнүктүрүүнү пландаштыруу процессин тартипке салуу керектиги жазылганын белгилешти. Алардын айтымында, депутаттар тарабынан демилгеленген мыйзам КР Президентинин аталган жарлыгын аткарууга багытталган.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү