Депутат Шайлообек Атазов мүмкүнчүлүгү чектелгендерге майыптык арабаларды тапшырды

11-01-2024 16:06

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Бишкек шаарынын Свердлов районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга электр арабаларын тапшырды. Иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты.

Эл өкүлү Шайлообек Атазов шайлоочулардын суроо-талаптарын орундатуу анын депутаттык милдети экендигин баса белгилеп,  майыптыгы бар жарандарга ар дайым колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

“Бишкек шаарынын Свердлов районунан шайланган депутат катары шаар тургундары мага бардык маселелер боюнча кайрылышат. Алардын бири мүмкүнчүлүгү чектелген тургундардын ушул суранычы болчу. Электрондук майыптык арабаларды алып берген «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдиргим келет”, - деди депутат.

Свердлов районунун эки жаранына электр арабалары тапшырылды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү