Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков айылдарда жаштарды кармап калуу максатында жумуш орундарын түзүү маселесин көтөрдү

11-01-2024 11:20

Бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин "Ар кандай маселелер" саатында депутаттар социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүштү. 

Депутат Дастан Бекешев өлкөдө сасык тумоо жайылган чакта Бишкек шаарында тез жардам кызматынын жеткиликтүү иштөөсүн камсыз кылууга көңүл бурду. “Учурда Бишкек шаарындагы тез жардам кызматында 95 бош жумуш орун бар экен. Адистер жетишсиз, мындан тышкары тез жардам унаалары да тартыш. Кызматкерлердин маяналарын, кошумча төлөөлөрүн да карап чыгуу керек”,- деди депутат.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков ички миграция маселеси курч болуп жатканына токтолуп, өкмөт айылдарга көңүл бурбаса жаштарды кармоо кыйын болуп турганын белгиледи. “Аймактарга өзгөчө көңүл бурбасак, келечекте айылдарды жоготуп алабыз. Бюджеттен көбүрөк каражаттарды региондорго жумшап, жумуш орундарын түзүү зарыл болуп турат”,- деди С.Өмүрзаков.

Ал эми депутат Бактыбек Чойбеков унаа мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнө көңүл буруп: “Кезек күтүүлөрдүн саны көп, тейлеген кызматкерлер аз. Ошол эле учурда унаа каттоодо мүлккө төлөнгөн салыктардын квитанциясын сурап жатыптыр. Бул жарандарды ашыкча убарагерчиликке салууда. Аталган ишкана толук кандуу санариптештирүүнү ишке ашыруусу кажет”, -деди.  

Депутат Камила Талиева Чернобль кырсыгынын катышуучуларына берилүүчү кенемтени көбөйтүү жагдайына токтолду. Ошондой эле эл өкүлү Баткен облусунун Раззаков шаарында турак жай салууга жер тилкесин алуу маселесин белгиледи.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү