Депутат Камила Талиева ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эмгек укуктарын илгерилетүүгө арналган жаңы долбоордун ачылышына катышты

10-01-2024 11:34

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эмгек укуктарын илгерилетүүгө арналган жаңы долбоордун ачылышына катышты. Алсак, аталган долбоор Эл аралык кесиптик тилектештик борбору тарабынан иштелип чыккан.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн депутат Камила Талиева сунушталган долбоор бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүн камтып жатканына жогору баасын берип, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эмгек укуктарын илгерилетүү боюнча дагы көп иштер аткарыларына ишенерин билдирди.

Андан сырткары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды иш менен камсыздоо боюнча заманбап жана объективдүү маалыматтык база жок экендигине токтолгон депутат: “Тилекке каршы, ишке орношуу маселеси майыптардын өздөрүнүн гана көйгөйү бойдон калууда. Алсак, ар кандай эсептөөлөр боюнча эмгекке жарамдуу курактагы майыптардын 80-85%ы жумушсуздар жана эмгек рыногунан сүрүлүп чыгарылгандар. Албетте, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандардын бул категориясын туруктуу негизде иш менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүүдө, бирок бул эмгек рыногундагы кырдаалга олуттуу таасирин тийгизе элек. Ушуга байланыштуу бул долбоорду ишке ашыруу абдан маанилүү. Айрыкча ѳнөктөштөрдүн ортосундагы тажрыйба алмашуу жана талкуу аянтчасын уюштуруу бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусуна өбөлгө түзөт”, – деп кошумчалады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү