Жогорку Кеңештин Регламенти жана Министрлер Кабинети жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору кабыл адынды

10-01-2024 10:34

Бүгүн, 10-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө "конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери – депутаттар Дастанбек Жумабеков, Марат Мураталиев, Русланбек Жакышов, Жаныбек Кыдыкбаев, Жылдыз Таалайбек кызы.

Демилгечилердин бири, депутат Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоорлору «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында каралган бош кызмат орундарына Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоодо Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларындагы боштукту жоюу максатында иштелип чыкканын белгиледи. «Жогорку Кеңеш тарабынан Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, тиешелүү кызматтарга бир нече талапкерлерди кароодо ар бир талапкер үчүн өзүнчө добуш берүү сунушталууда», - деди депутат Дастанбек Жумабеков. Ошондой эле ал учурдагы мыйзам ченемдерине ылайык, добуш берүү бирдиктүү тизме менен өтөрүн кошумчалады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү