Төрага Нурланбек Шакиев Жапониянын Парламентинин Эл өкүлдөр палатасынын Төрагасы Фукусиро Нукагага жана Кеңешчилер палатасынын Төрагасы Оцудзи Хидэхисага аталган өлкөдө катталган жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты

03-01-2024 09:53

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жапониянын Парламентинин Эл өкүлдөр палатасынын Төрагасы Фукусиро Нукагага жана Кеңешчилер палатасынын Төрагасы Оцудзи Хидэхисага аталган өлкөдө катталган жер титирөөдөн улам көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. 

Анда мындай деп айтылат:

“Жапония мамлекетинде катталган жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан Сиздерге, каза болгон маркумдардын жакындарына жана жалпы жапон элине көңүл айтып, табигый кырсыктан жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү