Депутат Эрулан Кокулов: "Окуу китептеринин авторлорунун улам-улам алмаштырыла бериши китеп тартыштыгын жоё албайт"

16-11-2023 12:21

Депутат Эрулан Кокулов мугалимдер менен жолугушканда окуу китептери менен камсыздоо маселесине кайрылып, тактап көргөндүгүн айтып, -“Окуу китептеринин авторлорунун улам-улам алмаштырыла бериши китеп тартыштыгын жоё албай жаткандыгын көрдүк”, - деди “Парламент” радиосуна курган маегинде. Ошондой эле депутат жакында региондордо шайлоочулар менен иштөө жумалыгынын алкагында Жалал-Абад областынын Токтогул районунда, Кара-Көл шаарында  жана Ысык-Көл областынын Каракол шаарында болуп, андагы жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарын угуп келгендигин билдирди. 

Эл өкүлү, -"Кайда барбайлы, таза суу, мектеп, балдар бакчасына байланышкан суроолор көп көтөрүлөт. Акырындап айтылган суранычтарды чекесинен чечүү аракеттери колго алынып жатат. Ошентсе да, айрым маселелер убакыт талап кылат", - деп билдирди. Андан тышкары ал, - "Мал жандыктарынын көбөйгөндүгү жакшы. Бул медалдын бир бети болсо, экинчи жагындагы бир жагдай - жайыт жерлердин деградацияга учурап жаткандыгы", - дейт. Ошондуктан, чарбачылык иштеринде маселенин майнабын эле эмес, маңызын дагы кошо талдай билүү кажет, - деген Э.Кокулов, - депутаттык ишмердүүлүктөгү жаштардын орду туууралуу да өз пикирин ортого салды. 

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү