КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

11-01-2018 14:48

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 17-июну № 106

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 83-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жана сот тутумунун" деген сөздөр алып салынсын;

2) 92-беренеде:

а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "бийлиги" деген сөз "тутуму" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Пикир келишпестиктер болгондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот тутумунун бюджетинин долбоорун Өкмөттүн кеңешине жиберет. Судьялар кеңешинин өкүлдөрү жана Өкмөттүн кеңеши кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин 7 айдан кечиктирбестен макулдашуу жол-жобосун өткөрүүгө жана аяктоого милдеттүү.

Макулдашууга жетишилген учурда, Судьялар кеңеши макулдашылган сунуштарды эске алуу менен сот тутумунун бюджетинин долбоорун жеткире иштеп чыгат жана Өкмөткө киргизет. Макулдашууга жетишилбеген учурда, Судьялар кеңешинин сунуштары жана Өкмөттүн сот тутумунун бюджетинин долбоору боюнча корутундусу бир убакытта Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет.";

в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Тиешелүү жылга республикалык бюджетти түзүүдө сот тутумунун бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн көлөмү Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана мурдагы жылдын бекитилген көрсөткүчтөрүнөн төмөн болушу мүмкүн.";

3) 107-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Учурдагы каржылык жылга сот тутумун каржылоого мыйзам менен каралган бюджеттик каражаттарды секвестрлөөгө Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.".

2-берене.

Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Атамбаев

 

2017-жылдын 25-майында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган