Дарттын алдын алуу - улут саламаттыгын  сактоодогу маанилүү кадам

20-03-2023 11:57

Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңеш депутаты Максатбек Сарбагышев Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок №1 айылындагы Эркин Абдрахманова атындагы фельдшердик-акушердик пункттун ачылыш салтанатына катышып, жергиликтүү активдер жана иш чарага келген жергиликтүү тургундар менен жолугушту. 

Өз сөзүндө депутат  калк саламаттыгы  ар бир адамдын бекем ден  соолугунан турарын айтып, профилактикалык иштердин маанилүүлүгүн белгиледи. Кеселдин кесепети менен алышпай, илдеттин алдын алуунун маданияты калыптанганы жакшы. Анткени, ал - улут саламаттыгын  сактоодогу маанилүү кадам,- деп кошумчалады эл өкүлү. 

Аталган айылдагы ФАП теңдештирүүчү (стимгранттын) гранттын эсебинен курулуп пайдаланууга берилди. Заманбап, ыңгайлуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун пайдаланууга берилиши элет эли үчүн көптөн күткөн үмүттүн акталышы болду. 

Иш чарага Ысык-Көл областынын Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Байышбек Астанакулов,  Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Койгелдиев жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, жалпы аймактагы айыл эли катышты.

Коомчулук жана ЖМК иштөө бөлүмү