Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамы төмөнкүдөй депутаттардын курамында түзүлсүн:
Шакиев Нурланбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;
Исаева Джамиля Кубанычбековна;
Кенжебаев Аманкан Батырбекович;
Масалиев Исхак Абсаматович;
2. Парламенттик делегация бүткөрүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары У.Примов |
|