Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

18-08-2022 09:41

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2022-жылдын 10-февралы № 53-VII


Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз
Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 566-VII токтомунун редакциясына ылайык)

Азия Парламенттик Ассамблеясына катышкан мамлекеттердин ортосундагы парламенттер аралык жигердүү кызматташтыкка умтулуп жана ар тараптуу парламенттик кызматташтыкты андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:

Шакиев Нурланбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;

Айбек Алтынбеков;

Айбек Тураталиевич Маткеримов;

Нурлан Аскаралиевич Ражабалиев;

2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

 

Кыргыз

Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун

басары                                                                                                                        У.Примов