Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

26-10-2023 13:34

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2022-жылдын 10-февралы № 48-VII


Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясына
Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII, 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII, 2022-жылдын 20-октябрындагы № 566-VII, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 811-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына катышкан мамлекеттердин ортосунда парламенттер аралык жигердүү кызматташтыкка умтулуп жана ар тараптуу парламенттик кызматташтыкты андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:

Шакиев Нурланбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;

Улан Болотбекович Бакасов;

Дастанбек Артисбекович Джумабеков;

Русланбек Шергазиевич Жакышов;

Тазабек Икрамович Икрамов;

Нуржигит Кадырбекович Кадырбеков;

Айбек Жапарович Осмонов;

Улан Бердибаевич Примов;

Чолпон Аалыевна Султанбекова;

2. Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына туруктуу комиссияларына төмөнкүлөр жиберилсин:

укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссияга - Русланбек Шергазиевич Жакышов, Нуржигит Кадырбекович Кадырбеков;

социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссияга - Улан Болотбекович Бакасов, Айбек Жапарович Осмонов;

экономикалык кызматташтык боюнча комиссияга - Дастанбек Артисбекович Джумабеков, Чолпон Аалыевна Султанбекова;

курчап турган чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссияга - Тазабек Икрамович Икрамов, Примов Улан Бердибаевич .

3. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

 

Кыргыз

Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары                                                                                                                                                                       У.Примов