"Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

28-12-2023 09:29

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2022-жылдын 10-февралы № 55-VII


"Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик
кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын
парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 196-VII, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 811-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын жана Европа Бирлигинин ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында Европа Бирлигине катышкан өлкөлөрдүн жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, Европа Бирлигине катышкан өлкөлөр менен парламенттик деңгээлде жигердүү саясий диалогго умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:

Медербек Кубанычевич Алиев;

Гулшаркан Оконовна Култаева;

Лейла Хияновна Лурова;

Гулкан Сакиновна Молдобекова;

Марат Молдонович Мураталиев;

Максатбек Канатбекович Сарбагышев;

Таалайбек кызы Жылдыз;

Шаирбек Кыдыршаевич Ташиев.

1.1. Лейла Хияновна Лурова Комитеттин тең төрагасы болуп шайлансын.

(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 123-VII токтомунун редакциясына ылайык)

2. Парламенттик делегация "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташтык комитети жасаган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

Кыргыз

Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун

басары                                                                                                                                         У.Примов