Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 30 -октябрь2017 –жыл, саат 10-001 –кабат, Батыш залы. КҮН  ТАРТИБИ

27-10-2017 09:38

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

30 -октябрь2017 –жыл, саат 10-00        1 –кабат, Батыш залы.

 

КҮН  ТАРТИБИ

 

  1. .”Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-майындагы  №269  токтому).

            Баяндамачы:

            Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

            Кошумча баяндамачы:

            Марипов Улукбек Асамидинович – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы.

 

            2.«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-майындагы №312 токтому).

            Баяндамачы:

            Абжапаров Тенизбек Жусупбекович – Кыргыз Республикасынын  Социалдык фондунун төрагасы.

            3.«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-сентябрындагы №614 токтому).

            Баяндамачы:

            Абжапаров Тенизбек Жусупбекович – Кыргыз Республикасынын  Социалдык фондунун төрагасы.

 

            4.“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы №622  токтому).

            Баяндамачы:

            Абжапаров Тенизбек Жусупбекович – Кыргыз Республикасынын  Социалдык фондунун төрагасы.

 

            5.“2017-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуунун сунушталган үчүнчү фазасын (CARs-3) (TF0A4647) даярдоо үчүн Европа жана Борбор Азия региондорунда потенциалды өнүктүрүү боюнча Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-октябрындагы №655  токтому).

            Баяндамачы:

            Калилов Жамшитбек – Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри.

            6.Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорун  Каржылоо жөнүндө макулдашуу долбоору. Макулдашууга киргизилет.

             Баяндамачы:

            Уланбек Дуулатович -Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

             7. Ар кандай маселелер.

           

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                                             Т. Тиллаев