Бир катар мыйзамдардын жана токтомдордун долбоорлору кабыл алынды

23-06-2021 17:24

Бүгүн, 23-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында  Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзам долбоорлору жана Жогорку Кеңештин токтом долбоорлору кабыл алынды.

Биринчи окууда:

- “Жол фонду жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Алимбеков Н.К., Ормонов У.З., Карашев А.А., Жапаров А.Ү., Анарбаев С.С.);

- “Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Алимбеков Н.К., Ормонов У.З., Карашев А.А., Жапаров А.Ү., Анарбаев С.С.);

Экинчи окууда:

- “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.09.19дагы № 467 токтом);

Үчүнчү окууда:   

- “Аудитордук иш жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.04.21деги № 166 токтом);

- “Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.04.21деги № 167 токтом);

- “Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.04.21деги № 168 токтом);

- “2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19га чара көрүү боюнча) Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.05.21деги № 186 токтом);

- “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.04.21деги № 154 токтом);

 

Жогорку Кеңештин токтомдорунун долбоорлору

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (Министрлер кабинетинин) 2021-жылдын 4-майындагы № 119-буйругу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

- “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

- “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 4527-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Асылбаева Г.К., Сыдыков Б.У., Айдаров С.А., Турсунбаев А.А., Бекешев Д.Д., Тиллаев Т.Г., Абжалиев А.Т., Жээнбеков А.Ш.);

- “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4571-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Маматалиев М.А., Иманалиев К.К., Нурбаев А.М., Пирматов И.А., Сулейманов Б.И., Шер-Нияз С., Мусабекова Ж.А., Жунус уулу А., Бакчиев Д.Ж., Дюшалиев А.К., Сыдыгалиев Н., Жеенчороев М.К., Райымкулов Б.К., Бекешев Д.Д., Айдаров С.А., Рыспаев К.Дж., Баатырбеков А.Б., Никитенко Н.В., Токтошев Э.Т., Шарапов З.Э., Акаев Ж.К., Сулайманов А.Т., Матраимов И.И., Эргешов А.М., Карашев А.А., Баймуратов К.Ш., Гайпкулов И.Т., Турусбеков Б.С., Акматов А., Зулушев К.Т., Ибраев С.К., Мавлянова М.Э., Мамашова А.Т., Нышанов С.К., Тулендыбаев П.Р., Нурматов К.С., Масабиров Т.А., Турсунбеков Ч.А., Тиллаев Т.Г., Казакбаев Р.А.);

- Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Баалоо иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Абжалиев А.Т.);

- Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 17.02.20дагы № 84 токтом);

- Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Күрөө жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А.).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы