Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 18 -октябрь2017 –жыл, саат 11-00 1 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

12-10-2017 11:25

Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

                                   18 -октябрь2017 –жыл, саат 11-00                                                                                                                                                                                        1 –кабат, Батыш залы.

 

 

         1.  ”Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы  №629 токтому).

             Баяндамачы:

Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын Финансы министри

              2. Казань шаарында 2017-жылдын 26-майында кол коюлган Еразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы менен өнөр жай товарларына карата өзгөчө субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан өзгөчө субсидияларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин берүүсү менен байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы  №557 токтому).

            Баяндамачы:

           Рыскулов  Уланбек Дуулатович -Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

            3.“2017-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун ортосундагы төлөнбөгөн чегерилген төгүмдөр боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору  (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы  №566 токтому).

          Баяндамачы: 

           4.     Ар кандай маселелер.

 

 

Бюджет жана финансы

боюнча комитетинин төрагасы                                                                                                        Т. Тиллаев