Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 27 – июнь 2017-жыл, саат 14-00 7- кабат, Сүйрү зал КҮН ТАРТИБИ

23-06-2017 16:48

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 27 – июнь 2017-жыл,  саат 14-00                                                             7- кабат, Сүйрү зал

                                                                                             

КҮН ТАРТИБИ

 

            1.”Бишкек шаарында 2017-жылдын 9-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-июнундагы №345 токтому).

Баяндамачы:

Боронов Кубатбек Айылчиевич -Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.

 

            2.«Бишкек шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-июнундагы №390 токтому).

            Баяндамачы:

            Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович - Кыргыз Республикасынын  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

 

3.Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу” долбоору боюнча Кредиттик  макулдашуунун долбоору жана Кыргыз Республикасы, “Бишкек жылуулук тармактары” Ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу” долбоору боюнча  Гранттык макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович - Кыргыз Республикасынын  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.

           

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2018-жылга карата бюджетинин долбоору жөнүндө.

            Баяндамачы:

Кожомкулов Алмазбек Аттокурович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкаруучусу.

 

            5.Ар кандай маселелер.

           

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                  Т.Тиллаев