Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 19-июнь 2017 - жыл, саат 10-00 1- кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

15-06-2017 16:20

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

19-июнь 2017 - жыл, саат 10-00                                                                                        1- кабат, Батыш залы.

 

КҮН  ТАРТИБИ 

 

            1.Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-декабрындагы №744 токтому). Үчүнчү окууда.

            Баяндамачы:

            Тиллаев Таабалды Гапырович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы.

 

            2.”2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк –Түштүк автомобиль жолун реконструкциялоо долбоору (Балыкчы –Жалал-Абад альтернативдүү автожолу) боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.

            Баяндамачы:

                Калилов Жамшитбек – Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри.

                3.«2016-жылдын 13-октябрында Тбилиси шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы №331 токтому).

            Баяндамачы:

            Кожошев Арзыбек Орозбекович – Кыргыз Республикасынын Экономика министри.

 

                4. Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

              Баяндамачы:

            Мурашев Нурбек Мурзапылжанович -Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри.

 

            5.Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  2016 –жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчёту тууралуу.

Абдыгулов Толкунбек –Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.

           

            6.Ар кандай маселелер.

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитеттин төрагасы                                                                Т.Тиллаев